• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто мектепте бокс боюнча өлкөнүн үч жолку чемпионунун катышуусунда мотивациялык сабак өтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош шаарындагы мектептердин биринде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча республиканын үч жолку чемпиону, №10 Ленин атындагы мектептин окуучусу 15 жаштагы Мухаммедали Кадыралиевдин катышуусунда мотивациялык сабак өтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Кадыралиев январь айынын аягында өткөн өспүрүмдөр арасында бокс боюнча республикалык чемпионатта чемпион гана болбостон, "Мыкты мушкер" наамын да алган.

Буга байланыштуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери мектеп окуучуларын дене тарбия сабагына кызыктыруу жана спортко тартуу максатында жаш мушкерди спорттогу жогорку жетишкендиктери үчүн баалуу белектер жана ыраазычылык кат менен сыйлашты.

Иш-чаранын алкагында аталган мектептин 1-класстан 10-класска чейинки окуучуларына спорттун мотивациялык сабагы өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий