• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кара-Кулжа районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу, Бөрү-Токой, Кек-Арт, Ара-Булак, Кан-Коргон, Сайталаа, Желе-Дөбө, Күйө-Таш, Чычырканак, Кызыл –Жар, Коо-Чаты, Кайын-Талаа айылдарынын жашоочуларына 26 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калк менен жолугушуу Алайкуу айылынын, маданият уйунун жана Күйө-Таш айылынын Акимжан Жаныбаев атындагы орто мектебин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

"Бүгүн, 12-июлда “Тилектештик автобусу” Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Бээ, Кара-Таш, Терек-Суу, Ничке-Суу, Ой-Тал, Кондук айылдарына барат. Калк менен жолугушуу Капчыгай айылынын айыл өкмөтүнүн конторасында жана Ой-Тал айылынын маданият үйүнүн базасында өтөт", - деп айтылат маалыматт

Пикир

Оставить комментарий