• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Проскурякова көчөсүндө жайгашкан 1971-жылы ишке берилген орто басымдагы газ өткөргүчтүн жанында жайгашкан газ кудугунан газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу, 13-июлдан 16-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жумуштарды коопсуз жүргүзүү максатында орто басымдагы газ өткөргүчтөр өчүрүлмөкчү.

Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймак: Аламүдүн айылы, Чугуева, ЧКК, Чернышевский, Аламүдүн дарыясынын кесилишкен аймагы; «Куликовский» кондитердик үйү.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий