• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Кулжада 275 орундуу мектептин имаратын куруу иштери 70%га аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылында жайгашкан К.Мамаев атындагы мектептин курулушу уланууда. Курулуш иштери Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Долбоордо заманбап шарттары менен 275 окуучуга ылайыкталган, 2 кабаттуу окуу корпус, өтмө галерия жана спорттук залы куруу каралган.

Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1964-жылы ашар жолу менен салынган.

Пикир

Оставить комментарий