• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кара-Кулжанын Кан-Коргон айылында мектептин жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы Алайку айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылында жайгашкан Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

“Бүгүн Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылындагы Жусуп Мамыр атындагы сметалык баасы 68 мл. сомдук, 225 орундуу орто мектебинин ачылышына күбө болуп олтурасыздар. Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаңыдан курулган мектептин ачылышы менен куттуктайм”, - деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров, бул мектепти бүтүргөн белгилүү окумуштуулар, жазуучулар, врачтар, инженерлер, журналисттердин атын атап “учурда окуп жаткан окуучулар ушундай чоң ийгиликтерге жетишкен агаларындай, эжелериндей болуу үчүн талыкпай окушу керек” деген кеп-кеңешин айтты.

Ошондой эле минкаб башчысы бул сыяктуу жаңы мектептер акыркы үч жылда Кыргызстандын бардык аймактарына биринен сала экинчиси курулуп жатканына токтолду. Алсак, 315 жаңы мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объекттери салынган. Анын ичинде Ош облусунда 73 мектеп, Жалал-Абад облусунда 38 мектеп курулуп, пайдаланууга берилгенин белгилеген Акылбек Жапаров, мынчалык көп социалдык обьектилерди курууга мамлекеттин казынасы толуп, экономикасы өсүп жатканы себеп болгонун кошумчалады.

Минкаб төрагасы ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,7%га, Кумтөрдү кошпогондо 10,6%га өсүшкө чыкканын, номиналдык жактан ИДПнын көлөмү 2023-жылы 1,2 трлн сомдон ашса, быйыл 1,5 трлнго болжолдонуп жатканын белгиледи.

“Жаңы бийлик келип Кумтөрдү кайра элибизге кайтарганда, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы бекем туруп тартип орното баштаганда гана бюджетке каражаттар түшүп, мугалимдердин, врачтардын, маданиятта иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын кескин жогорулатып, андан тышкары азыркыдай заңгыраган сонун мектептерди курууга шарт түзүлдү. Мунун баары президент Садыр Жапаровдун темирдей эркине жана кыраакы саясатына байланыштуу”, - деди ал.

Сөзүнүн аягында минкаб башчысы өлкөнү өнүктүрүү ыкчам жана технологиялуу доордун ылдамдыгында жана шарданында бара жатканын белгиледи.

“Кыргыздын колу жылдызга жеткен доору “барс” деген сөз менен байланышкан – Барсбек каган. Ошондуктан биз барстын секириги, Кыргызстан – Борбордук Азиянын барсы деген түшүнүктү дүйнөлүк коомчулукка киргизип жатабыз. Бул тилектерибизди Сиздер менен бирге, кадырман элибиз менен бирге, билимдүү жаштарыбыз менен бирге – ынтымактуу коомдо ишке ашырабыз”- деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий