• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулук керек - "Айкөл Ала-Тоо" Атамбаевдин митинги тууралуу

Коом 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. "Биз кечээ, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан уюштурулган Медиа форумдун алдында өткөн митингге каршыбыз", - деп билдирди "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин башчысы Жылдызбек Исаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтымында, кечээ "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин мурдагы башчылары – Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев уюмдун атынан сүйлөштү. Бирок, алар 2018-жылы андан чыгарылган.

"Мискенбаев менен Жамгырчиев уюмдун мүчөлөрүнө чыгашалар тууралуу отчетту бере албагандыгы үчүн уюмдан чыгарылышкан. Алар коомдук бирикменин мүлкүн ыгы жок пайдаланып, жаңы трактор, 7 гектар алма, жер эмне болгону белгисиз. Алар алигиче отчет бере элек. Эми биздин атыбыздан митингге барып жатышат. Аларды текшериши үчүн биз Финансы полициясына кайрылганбыз. Бирок азыркыга чейин жыйынтык жок", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга туристтик сезонго терс таасирин тийгизген митингдердин кереги жок.

"Элге тынчтык, туруктуулук керек. "Айкөл Ала-Тоо" бирикмеси Апрель революциясынын катышуучуларынан турат", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери аны колдогон тынчтык митингин өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий