• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган жаңы почта маркасы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган жаңы почта маркасы чыгарылды.

Бишкекте өткөн иш-чарада санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев 100 жылдык юбилейге арналган эстелик почта маркасына мөөр басышты.

Өткөн тарыхты урматтоонун символу болуп, тарыхый окуянын маанилүүлүгүн көрсөткөн почта маркасында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Ишеналы Арабаев, Айдарбек Иманалы, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдрахмановдун элеси чагылдырылган.

Марат Черикчиевдин айтымында, бул марка биздин өткөн тарыхыбызды таануунун жана урматтоонун белгиси болуп, филателисттердин коллекцияларында жана Кыргызстандын бардык жарандарынын жүрөгүндө өзүнүн татыктуу ордун ээлейт.

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чыгарылган бул марка тарыхыбыздагы маанилүү учурларды чагылдырган улуттук мурастын бир бөлүгү. Артыкчылыгы тууралуу айтсам, мурда марка чыгарууда бир адамга гана арналып чыгарылчу, мында 5 адамга, тарыхый датага арналып чыгарылып жатат. Марканы сатып алууну каалагандар «Кыргыз почтасы» ААКнын сайтынан жана биздин бөлүмдөрдөн эртеңден баштап сатып ала алат. Бааларын комиссия бекитет, болжол менен 20 сомдун тегерегинде болот”, - дейт Черикчиев.

Кошумчалай кетсек, белгилүү дата, окуяларга карата чыгарылган почта маркалары жөн гана почта кызматтарына төлөө каражаты эмес, маданий жана тарыхый мурастын маанилүү элементи болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий