• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл. Бельгияда футболдук турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Күн мурун Бельгиянын Бален шаарында Кыргызстандын Бельгиянын элчилиги Бенилюкс мамлекеттеринде жашаган кыргыз мекендештеринин арасында футболдук турнир өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, турнир Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналды.

Элчи Айдит Эркин өз сөзүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мекендештерге көңүл буруп жаткандыгын баса белгилеп, Бенилюкс өлкөлөрүнүн диаспорасы тарабынан элчиликке жана Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде диаспора активисттери элчилик менен позитивдүү кызматташууну белгилеп, мындан ары мекендештердин биримдигин бекемдөө боюнча каалоолорун билдиришти.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана бир катар активисттерге улуттук символикалуу эстелик белектер тапшырылды.

Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз тилин жайылтуу жана популяризация максатында диаспора өкүлдөрү тарабынан даярдалган концерт өткөрүлдү.

Мындан тышкары, турнирдин катышуучулары жана коноктору улуттук тамактардан даам тата алышты.

Пикир

Оставить комментарий