• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл. Москвада шахмат боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. 14-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мекендештер арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурулду.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, элчилик тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага 50гө жакын кыргыз жараны, анын ичинде балдар катышты. Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубок, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыздын маданий мурасын даңазалоо максатында элчиликтин аймагында боз үй тигилип, иш-чара концерттик программа коштолуп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Келген коноктор кыргыздын улуттук тамак-ашынандаам татты.

Пикир

Оставить комментарий