• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн узак жолу

Коом 0


Көз карандысыз, өз алдынча мамлекет куруу Борбор Азиядагы байыркы элдердин бири кыргыздардын түпкү максаты, улуттук идеясы болгон. Ушул идея пассионардык мотивация ар кайсы мезгилде, ар түрдүү кармашта элдин элдүүлүгүн сактап, кыргыздын тарыхый аренадагы ордун аныктап келген. Кыргыздардын ар бир мууну ушул миссияны моюнуна алып, тарыхый шартка, кырдаалга жана өз дараметине жараша аткарып келген.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу окуяларга бай XX кылымда кыргыз эли да өз тагдырындагы бурулуш окуяларга туш болду. Айрыкча өткөн кылымдын биринчи чейреги кыргыздар үчүн улуттук жактан уюмдашып жашоонун формасын тынбай издөөнүн мезгили катары айтылып калды.

Өз алдынчалыкка умтулуунун алгачкы аракетинин бири 1916-жылкы көтөрүлүш улут үчүн канчалык оор болбосун мамлекеттүүлүккө жетүү максатын майтара алган эмес. Октябрь революциясына удаа, Орто Азия чөлкөмүндө жашаган башка этностордун көлөкөсүндө калып калбоо аракети кыргыз элинин азыркы мамлекетин куруунун жаңы мүмкүнчүлүгү болуп калган.

Даярдаган: Руслан Машрапов

Пикир

Оставить комментарий