• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл. Санкт-Петербургда концерт өттү

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театрынын, "Ак-марал" мамлекеттик бий ансамблинин жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттеринин катышуусунда майрамдык концерт өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, концерт Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүнүн алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Майрамдык концерттин ачылышында Санкт-Петербург өкмөтүнүн маданият комитетинин жетекчисинин орун басары С.Молдованов жана башкы консул А.Сакеева куттуктоо создөрүн айтты. Иш-чарага ошондой эле чет өлкөлүк консулдук мекемелердин башчылары жана дипломаттары, Санкт-Петербургдун чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, журналисттер, диаспоралык уюмдар, мекендештер жана Санкт-Петербург шаарынын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттер катышты.

Мындан тышкары, Башкы консулдук тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Ошондой эле Башкы консулдук диаспора менен биргеликте мекендештер арасында спартакиада өткөрүп, жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий