• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кара-Суу районунда 102 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кара-Суу районунда 102,43 гектар жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан КР жер жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин наамына келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпысы 351 млн 505 миң сомго бааланган 102,43 гектар жер тилкелери мамлекеттик менчикке толугу менен кайтарылды.

Атап айтканда, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен төмөнкү жерлер мамлекетке кайтарылды:

  • Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Живпром участкасынан 40 млн сом болгон 33,01 га жер тилкеси;
  • Кара-Суу шаарындагы базар баасы 77 млн 500 миң сом болгон 0,30 га жер тилкеси;
  • Жаңы-Арык айыл аймагындагы базар баасы 130 млн сом болгон 10,70 га өндүрүш багытындагы жер тилкелери;
  • Жоош айыл аймагынын Питомник айылындагы базар баасы 72 млн сом болгон жалпы 37,93 га жер;
  • Сары-Колот айыл аймагынын Присавай айылында жайгашкан базар баасы 32 млн сом болгон жалпы 20,4 га айыл чарба багытындагы тилкеси.

Пикир

Оставить комментарий