• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Быйыл Ошто коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Быйыл Ош шаарында коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама орнотулат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, аялдамалар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык, шаардын төмөнкү даректерине курулат. Алар Ленин көчөсү (Резиденция), Касымбеков көчөсү (№1 троллейбус линиясынын акыркы токтоочу жайы), Абдыкадыров көчөсү (көпүрөнүн жанында), Б.Осмонов көчөсү, “Керме-Тоо” МАБдын Кеңеш айылы, Тилеке-Батыр көчөсү (Саидмухтар), Курманжан-Датка көчөсү (Шейит-Дөбө).

Мындан сырткары, “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын колдоосу менен 2 аялдама жасалды.

Ошондой эле 4 коомдук транспорттун аялдамасы жаңыланды.

Пикир

Оставить комментарий