• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абад калкына эки миң тоннадан ашуун арзан көмүр жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасына ылайык, облустун район-шаарларында элге арзан көмүр сатуу жайларын уюштуруу иштери уланууда.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 24-ноябрдан тарта Кум-Бел, Маркай жана Кара-Кечеден облустун аймактарына 2 миң 112 тонна арзан көмүр жеткирилди. Көмүр тургундарга 3,5 жана 4 миң сомдон сатылды.

- Жалал-Абад шаары – 330 тонна;

- Сузак району – 370;

- Аксы району – 700;

- Ноокен району – 60;

- Тогуз-Торо району – 210;

- Таш-Көмүр шаары – 100;

- Базар-Коргон районунда 342 тонна.

Бул багыттагы аракеттер алдыда дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий