1,7 млрд сомдон ашуун зыян келтирилген. Башкы прокуратура мыйзамсыздыкка бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1,7 млрд сомдон ашуун зыян келтирилген фактыны аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялар менен биргеликте акциздик салыктарды толук өлчөмдө төлөөдөн качуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүшкөндүгү аныкталган.

Алсак, 2013-2020-жылдары спирт ичимдигин өндүрүүдөн акциздик салыктардын көлөмү туруктуу мүнөздө төмөндөп, прогноздук көрсөткүчтөрдү аткарбоонун натыйжасында республикалык бюджетке 1, 748 млрд сом салык түшпөй, мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, ченемдик укуктук актыларга жана акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизишкендиктен, өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик марканы жасалмалоого, тийиштүү салыктардын түрлөрүнөн качууга шарт түзүлгөн.

Бул коррупциялык схеманын найтыйжасында 2013-2020-жылдар аралыгында мамлекетке 1,7 млрд сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү үчүн Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий