• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Нургүл Бакирова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Бакирова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өлкөдө стабилдүүлүктү, тынчтыкты чыңдоодогу, өлкөнүн мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүдө, ошондой эле адам укуктары жаатындагы ролунун маанисин жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Нургүл Бакирова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жазык сот өндүрүшүндө соттук-укуктук реформаларды жүргүзүүдө, соттордун потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүдө сот тутумуна көп жылдык кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашып, сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө жана бийликтин сот бутагынын имиджин бекемдөө чараларына байланыштуу айрым маселелерге токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара белектер менен алмашып, мындан аркы кызматташуу жана тыгыз байланыштар зарылдыгын ырасташты. Ошондой эле белгиленген пландарды ишке ашырууда жемиштүү жана конструктивдүү кызматташтыктын улана беришине ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий