• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Күрөш боюнча биринчилик: Кыргызстандын байге куржунунда 6 медаль бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде жалпы жонунан 6 медаль утушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Мелдеш Грузиянын Тбилиси шаарында 13-октябрда жыйынтыкталды.

Кыргызстандын байге куржунунда жалпысынан 6 медаль бар - бир алтын, үч күмүш жана эки коло.

Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды Бердикул Караев (88 кг) тагынды. Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (70 кг) жана Канат Шабданбаев (70 кг) үчүнчү орунду ээлешти.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча 78 кг салмакта катышып, алтын медалды багындырды. Күрөштүн ошол эле түрү боюнча Билимбек Капарбек уулу (78кг) жана Чынарбек Изабеков (100 кг) экинчи орунду жеңишти.

Пикир

Оставить комментарий