• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий