• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлгө сига жана форель балыктарынын чабактары кое берилди

Аймак 0


Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында Жети-Өгүз районундагы Липенский булуңуна 600 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары, Жети-Өгүз, Жыргалаң жана Ак-Суу дарыяларына 130 миң даана форель-гегаркуни балыгынын чабактары кое берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, балыктар “Тоң балык заводу” мамлекеттик ишканасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.

Март айындагы актыларга ылайык, “Тоң балык заводу” ишканасынын инкубациялык цехинен 4 млн 600 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары, 300 миң даана форель-гегаркуни балыгынын чабактары кое берилген.

3-апрелге карата бардыгы болуп “Тоң балык өстүрүү заводу” ишканасынын инкубациялоо цехинен балыктандыруу максатында 4 млн 900 миң балык чабактары кое берилген (сига-лудога - 4 млн 600 миң даана, форель-гегаркуни 300 - миң даана).

“Тоң балык өстүрүү заводу” мамлекеттик ишканасында сига-лудога балыгын чыгаруу боюнча иш-чаралар жакынкы мезгилде улантылат.

Пикир

Оставить комментарий