• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. “Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт”, - деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. Бишкек-Ош жолунун – Кара-Балта-Бишкек жана Маданият-Жалал-Абад участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий