• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дооронбек Садырбаев тарткан кинофильдердин жумалыгын өткөрүү сунушталды

Маданият 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тарткан кинофильдердин жумалыгын жарыяласак туура болот. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, белгилүү саясатчы, кинорежиссер, акын Дооронбек Садырбаев 80 жашка чыкмак. Маркум агабыздын өлкөнүн, анын ичинде улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал кыргыз парламентинин үч чакырылышына депутат болуп, Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө да өз салымын кошуп кетти. Ошондуктан, өлкө аймагында Садырбаев тарткан тасмалардын жумалыгын жарыяласак туура болор эле.

"Дооронбек Садырбаев 70 даректүү фильмдин, 16 көркөм жана теле фильмдердин, 7 прозалык, поэтикалык, публицистикалык китептин автору. Анын көркөм тасмалары эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдардын жеӊүүчүсү болгон. Андан тышкары, мамлекеттик саясатка, өлкөнүн өнүгүшүнө, калк турмушуна байланыштуу 500дөн ашуун курч макалаларды жазган. Ошондуктан, маркум Дооронбек агабыздын 80 жылдын маарекеси жогорку деӊгээлде белгилениши керек", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий