• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Суу районунда 275 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кайрагач айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим уясынын курулушу 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Куруу долбоорунда 2 кабаттуу окуу корпусу, спорттук зал, жыйындар залы, откана жана көмүр сактоочу жайы, суу сактоочу кампа, сырткы волейбол жана футбол аянтчалары каралган.

Мектептин курулуш иштери "Сафари" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө мектептин дубалы тургузулуп бүттү.

Пикир

Оставить комментарий