• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги чек ара кызматынын бөлүмүнө барды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун, 14-сентябрда Баткендеги чек ара кызматынын бөлүмүнө барды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал имараттын абалы, аскер кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты.

"Атайын кызматтын төрагасы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аскер кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, мындан ары дагы көңүл буруулар улантыларын баса белгиледи. Аны менен катар ар бир аскер кызматкери мекенге берилгендик мекен кызмат кылуусун, милдеттерин так аткаруусун эскертип өттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Камчыбек Ташиев кыргыз армиясынын, анын ичинде чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын заман талабына ылайык камсыз кылуу аракеттери өлкө жетекчилигинин приоритеттүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий