• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Суу районунун Ачы айылына 225 орундуу мектеп курууга тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ачы айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулат. Курулушка 97 миллион 486 миң 65 сом бөлүндү.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Бөлүнгөн каражаттар спорт залдын курулушуна да каралган. Объект муниципалдык жерге курулат. Тендерге катышуу үчүн арыздар 16-ноябрга чейин кабыл алынат.

Жеңүүчү болгон подрядчы келишим түзүлгөн күндөн тартып 24 айдын ичинде курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттендирилет Алдын ала төлөм жок. Каражат подрядчынын эсебине 2024-жылдын 29-декабрына чейин которулат.

Пикир

Оставить комментарий