• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Суу районунун Таш-Арык айылына таза суу тартылууда

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Таш-Арык айылына таза суу тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 300 кубдук суу кампасынын курулушу 95% бүткөрүлүп, суу түтүктөрү тартылды.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов курулуш иштери менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге таза суу тартуу иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Таш-Арык айылында 430 кожолук бар жана 3 миңге жакын калк жашайт. Жергиликтүү тургундар Отуз-Адыр каналынан суу ичишет. Аталган долбоор ишке ашса Таш-Арык айылынын тургундары толугу менен үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.

Таза суу тартуу иштери 2021-жылы башталан. Курулуш иштери 2022-жылдын күз айларына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Каржылоо республикалык бюджеттен жүрүп 13 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий