Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылындагы жаңы салынган бала бакчанын ачылыш аземи болду.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бала бакча республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун наркы 100,2 млн сомду түздү.
Белгиленгендей, имарат 140 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана сырткы ойноо аянтчасы каралган. Объекттин жалпы аянты 1538 чарчы метр.
Пикир
Оставить комментарий