• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто жылытуу мезгилине карата даярдыктар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевтин жетектөөсүндө 2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык райондук электр тармактарынын, Ош шаарынын жылуулук электр борборунун, “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын, билим берүү башкармалыгынын, адистештирилген коммуналдык кызматтардын жетекчилери жана саламаттыкты сактоонун координаторлору күз-кыш мезгилдерине карата камылга иштери боюнча маалымат беришти.

Ага ылайык, даярдык иштери бекитилген графиктин алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары жыйындын алкагында Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү кышка даярдоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү, электр энергиясын колдонууда кылдат мамиле кылуу, жылуулук үчүн альтернативдик энергия булактарын (көмүр) пайдалануу зарылчылыгы белгиленип, бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, энергия менен камсыз кылуучу ишканалардын маалыматы боюнча, кыш мезгилинде электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий