• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Акылман" президенттик лицейи. Жумушчу топ уюмдаштыруучу документтердин долбоорлорун иштеп чыкты

Билим 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. 26-июлдан 29-июлга чейин Билим берүү жана илим министрлиги атайын түзүлгөн жумушчу топко “Акылман” президенттик лицейинин ишин жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгууну уюштурду.

Алдынкы мектептердин өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер Жобо, Устав, окуучуларды жана педагогикалык кызматкерлерди конкурстук тандоо жөнүндө нускама, окуучуларды баалоо жөнүндө Жобо, 2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу планынын долбоору, “Педагогикалык тажрыйбага сереп салуу” адаптациясы сыяктуу документтердин долбоорлорун иштеп чыгышты.

Мындан ары документтердин долбоорлорун экспертизалоо, талкуулоо жана жеткире иштеп чыгуу уюштурулат.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи" мекемеси түзүлгөн.

Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык _ кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий