• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери шаар аймагында өскөн 1 тоннага жакын кара куурайды оруп, өрттөп, жок кылышты.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар арасында баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди.

Ал эми ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү тыкыр көзөмөлдөө, терс көрүнүштөргө күбө болсо милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий