• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Нарында Усубалиевдин эстелиги тургузулган жаңыланган борбордук аянт ачылды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянт ачылып, Турдакун Усубалиевдин эстелиги тургузулду. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Аянт жарандар жана облустун борборунун меймандары үчүн ыңгайлуу болуп оңдолду. Мында отургучтар, эки музыкалуу фонтан, тротуарлар, гүл аллеялары жана флагшток орнотулган. Кечки сейилдөө үчүн аянт жарыктандырылган.

Аянттын борбордук бөлүгүндө Турдакун Усубалиевдин 6 метр бийиктеги эстелиги тургузулду.

Аянтты реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 19, 6 млн сом бөлүнгөн. Эстеликти курууга ата мекендик ишкер акча бөлгөн.

Эстеликтин жана жаңыланган аяттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Турдакун Усубалиевдин туугандары жана жакындары, Нарын шаарынын жашоочулары менен меймандары катышты.

Өкмөт башчы ошондой эле мамлекеттик ишмердин эмгек жолуна арналган сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий