• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий