• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция өспүрүмдөргө диний экстремизм, кылмыштуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери өспүрүмдөргө диний экстремизм, кылмыштуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тогуз-Торо райондук милициясынын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер Додомол, Кош-Булак айылдарына барышып, мектеп окуучулары менен жолугушту. Анда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды.

Ал эми Ала-Бука районундагы Р.Кулуев атындагы №11 орто мектебинде ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Чогулушта укук бузууларга бөгөт коюуда ар бир жаран кайдыгер карабоо керектиги эскертилип, өспүрүмдөрдү көзөмөлгө алуу зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары, район аймагында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы өткөрүлдү. Ага беш команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Балтагулов орто мектебинин окуучулары жеңип алышты.

Өспүрүмдөргө байланыштуу жыйын Майлуу-Суу шаардык милициясы тарабынан да уюштурулду. Жыйынга мэриянын, билим берүү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, шаар имамы, жогорку класстардын окуучулары катышты. Жаштарга диний экстремизм, кылмыштуулуктун терс жактары боюнча лекциялар окулуп, зордук-зомбулуктарга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий