• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кемелова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов жана ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын директору Александр Вольтерс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Кемелова Кыргызстандын ЕККУга кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатып, Кыргызстан менен Уюмдун ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ал ЕККУ ишмердүүлүгүнүн бардык үч өлчөмүндө: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык өңүттө долбоордук жана программалык иш-чараларды ишке ашырууда олуттуу натыйжаларга жетишкендигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге, социалдык-экономикалык мүнөздөгү, атап айтканда, жакырчылык менен күрөшүүгө, тоолуу аймактардын тургундарын колдоого, миграция маселелерине жана билим берүү мекемелерин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Мындан тышкары, Баткен облусун өнүктүрүү аспектилери өзүнчө талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Алсак, Д.Кемелова Академия ЕККУ үчүн уникалдуу билим берүү долбоору экенин белгилеп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттик потенциалын бекемдөө үчүн анын мындан аркы институционалдык өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, А.Рогов Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун өнүгүүсүндөгү оң динамикаларды кубаттап, ЕККУнун Программалык кеңсеси мындан ары да кыргыз коомчулугунун турмушунун бардык чөйрөлөрүндөгү реформаларга ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, «Борбордук Азия менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жыйынын өткөрүү жана анын алкагында ЕККУнун башкы катчысы Хельга Шмиддин иш сапарын уюштуруу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун кеңири күн тартиби боюнча диалогду жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий