• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда жаңылыктарды жасалма интеллект жазып калышы мүмкүн

Өкмөт 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Жакынкы жылдарда жаңылыктардын, басылмалардын жана макалалардын 90 пайызы жасалма интеллект тарабынан даярдалышы күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл сайын өтүүчү маалыматтык технологиялар боюнча кыргыз форумунда (КИТ-форум) билдирди.

Анын айтымында, британиялык журналисттердин ассоциациясы жасалма интеллекттин жардамы менен айына 30 миңге жакын жаңылык жазган.

“Жакынкы жылдары жаңылыктардын, басылмалардын жана макалалардын 90 пайызы жазуучулар же журналисттер тарабынан эмес, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалышы күтүлүүдө”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле бул жасалма интеллекттин жардамы менен жасала турган бир гана тармак экенин белгиледи.

“Консалтинг секторун, изилдөөлөр, котормолор, роман жана аңгемелерди жазууну, юридикалык секторду, медицинаны, билим берүүнү жана башкаларды дагы унутпаңыз. Жасалма интеллект – бул баарыбыздын жамааттык акылыбыздын башталышы гана. Ал жазуучу, сүрөтчү, юрист, дарыгер жана акын боло алат”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий