• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка шантаж кылып иштетип жүргөн блогер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка шантаж кылып иштетип жүргөн блогер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад шаарында Н. аттуу жаран сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 28-апрелде Жалал-Абад шаарынын 34 жаштагы Ч.Н. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ч.Н. интернет тармагында өзүнүн баракчалары аркылуу блогерлик кылары, сойкулук менен алектенген кыздарды интернет тармагы аркылуу маалыматтарды таркатуу менен шантаж кылып, 25 жана 27 жаштагы кыздарды мажбурлап иштетип жүргөндүгү аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы кыздар иштеп жаткан батир тинтүүгө алынып, тиешелүү далил буюмдар алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо 102, 03722 5 28 31, 0550 39 00 01, 0779 10 10 45, 0778 00 00 98 номерлерине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий