Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында 140 орундуу бала бакчаны курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Объекттин курулушу Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы башталган. Курулш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп бүттү. Учурда полду орнотуу жумуштары, балдар үчүн 4 жайкы сөөрү куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, бала бакча 2 кабаттуу тик бурчтуу формада, аянты 1129 чарчы метрди түзүп, долбоор боюнча дагы ажааткана, откана жана көмүр сактоочу жай, оюн аянтчалары жана 4 жайкы сөөрү каралган.
Пикир
Оставить комментарий