• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузактагы өзгөчө кырдаал канча убакытка созулат – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда киргизилген өзгөчө кырдаал кеминде бир айга созулат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал, Сузактагы өзгөчө кырдаал бейтаптардын абалына жараша болорун, андан тышкары инкубациялык мезгил 14-20 күн болгондуктан өзгөчө кырдаал кеминде бир айга созуларын белгиледи. Ошондой эле ал кандай учурларда облустук, республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаал киргизилерин айтып өттү.

"Бир райондо эки айылдан ашык кооптуу жер болсо райондук деңгээлде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилет. Эки райондон ашык жерде бүгүнкүдөй шарттар жаралса облустук деңгээлде жана бир облуста ушундай коркунучтар пайда болсо республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий