• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кара-Суу районунун Жаңы-Барак айылында ишембилик өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Кара-Суу районунун администрациясынын жана айыл өкмөттөрүнөн атайын бөлүнгөн кызматкерлер жана Жаңы-Барак айылынын тургундары катышты.

Бүгүнкү иш-чара жаңыдан түптөлгөн айылды көрктөндүрүүгө жана айланасын тазалап иретке келтирүүгө багытталганын. Анын алкагында кызматкерлер ар топко бөлүнүшүп, көчөт отургузуп, ички жолдорду, үйлөрдүн короолорун тегиздеп тазалоо иштерин аткарышты.

Белгилей кетсек, учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үйдүн курулушу аяктаган. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө бардык керектүү шарттары менен салынып, жакында ачылуу алдында турат.

Ошондой эле ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн скважина казуу, 160 м3 суу кампасын куруу жана ар бир үйгө суу түтүктөрүн (3,5 км) тартуу боюнча жалпы сметалык баасы 28 млн сомдук иштер аткарылды.

Андан сырткары, айылга келчү негизги жолго асфальт төшөлүп, саркынды суу чогултуп, тазалоочу курулма жана саркынды суу түтүктөрүн орнотуу боюнча 70 млн сомдук иштер аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий