• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган, имарат 2 кабаттан туруп, 75 орунга ылайыкташтырылган.

Долбоорго ылайык, жаңы бакчада сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн атайын класстар, балдар үчүн ыңгайлуу уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар бар. Ашкана, ага кошо жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу кампа, санитардык түйүндөр каралган. Мындан сырткары, медициналык кабинет жана музыкалык сабактар бөлмөсү бар.

Бала бакчанын аймагында балдар үчүн атайын жабдуулары менен оюн аянтчалары курулду.

Пикир

Оставить комментарий