• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте беш отун базада 4 миң 700 сомдон көмүр сатылууда. Дареги

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бишкекте беш отун базада 4 миң 700 сомдук көмүр сатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, арзан көмүр сатууну "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы уюштуруп, күз-кыш мезгиигине даярдык көрүүнүн алкагында калкка көмүрдү үзгүлтүксүз ташууда.

Белгиленгендей, көмүр вагондор жана оор жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатат.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, шаар тургундары 4700 сомдон сатылып жаткан көмүрдү төмөндөгү даректерден келип алса болот:

- Мурманская 126;
- Алыкулов 6 б;
- Алматинская-Обьездная (кесилиште);
- Ылдыйкы Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н);
- Ден-Сяопин, 306 б.

Пикир

Оставить комментарий