Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жыпаркуловдун маалыматына караганда аталган бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата 705,0 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду.

"Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр, ошондой эле музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары дагы курулду", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий