Кара-Суу шаарында кыска мөөнөттүү бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кара-Суу шаарында кыска мөөнөттүү бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Анын ачылыш аземине мэр Майрамбек Тентимишов, Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Заирбек Эшмаматов жана райондук администрациянын кызматкерлери катышты.

Бала бакча Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоору жана шаардык бюджеттен каржыланды.

Майрамбек Тентимишов бакча кызматкерлерине ийгилик каалап, мындан ары да мындай иштер байма-бай аткарыларын жана билим берүү тармагына болгон шарттарды түзүп берүү шаардык мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Аталган долбоордун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 37 бала бакча түзүлөт. Жакында дагы 11 бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Пикир

Оставить комментарий