• 87
  • 91.26
  • 0.84

Кара-Сууда 10,7 га жерге "Мурас" соцшаарчасын куруу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан 10,70 гектар жерге "Мурас" социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

"Бүгүнкү күндө эскиздик долбоордун негизинде шаар куруу документтери даярдалып, долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий