• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кара-Сууда 150 тургунга кызыл китеп тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Күн мурун Ош облусунун Кара-Суу районунда жер мунапысын жүргүзүүнүн алкагында 150 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жарандарга мамлекеттик актыларды президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев тапшырып, документ ээлерин мындан ары мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Ош облусунда жарлыктын негизинде жалпы 12 257 жаранга мамлекеттик актылар берилди.

Пикир

Оставить комментарий