Ошто “Унаа” мекемеси дем алышсыз иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ош аймактык бөлүмү 12-марттан тартып дем алышсыз иштей баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Унаа” мекемеси эртең мененки саат 08:30дан 17:30га чейин дем алышсыз иштейт. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

Эске сала кетсек, “Аю гранд” соода борборунда жайгашкан Бишкек шаардык бөлүм дагы дем алышсыз иш алып барат. Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөр дем алыш күндөрү унааны каттоо/кайра каттоо жана камакка коюу/чыгаруу жаатында иш жүргүзөт. Айдоочулар курамын каттоо жана тестирлөө дүйшөмбү күндөн тартып жума күнгө чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий