"Түндүк" темир жол бажысы мыйзамсыз ташылып келген 2 унааны аныктады

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. "Түндүк" темир жол бажысы 2 автоунаа мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Бул туурлуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

"Түндүк" темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды жана контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Корея Республикасынан келген жүккө карата бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары О.К. жана Ш.Н. алуучулардын дарегине 4 даана унаа алынып келингени аныкталган, анын ичинен 2 даана 2016 жана 2017-жылы чыккан KIA MORNING, ЕАЭБдин бажы аймагына бажы шарттарында эч кандай товар коштоочу документтери жок алынып келинген.

Аталган факт тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий