• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кара-Сууда 350 орундуу заманбап мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыш-Абад айылында 350 орундуу Абдулазиз Аль-Филийж атындагы мечиттин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мечит араб демөөрчүлөрү тарабынан колдоого алынып, бардык талаптарга жооп берет.

«Жаңы мечитиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Мечит куруунун сообу эбегейсиз. Биз ишенебиз баарыңыздар кол кабыштырып олтурган жоксуздар. Айрымдарыңыз уста багып жардам көрсөтүшсө, айрымдарыңыз кагаз иштерине чуркадыңыздар. Мечиттин өз максаты руханий байлыкты күчөтүү. Мындан ары ушул мечитте илим-билимге маани берип, жаштарыбызды туура тарбиялообуз кажет. Бул боюнча Ош облустук казыяты болгон иш-аракеттерди жасоодо», - деди Нурбек кары Орунбаев.

Жыйынтыгында мечиттин курулушуна жана мыйзамдаштыруусуна салым кошкон мечиттин имамына Ош облустук мусулмандар казыяты жана Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан ыраазычылык баракчасы менен белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий