• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны аёосуз ур-тепкиге алган адам Бишкекте жүргөндүгү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны аёосуз ур-тепкиге алган адам Бишкекте жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта улгайган карыяны жанында отурган жаш жигит ур-тепкиге алгандыгы тууралуу видео тараган.

Милициядан кабарлашкандай, окуя 14-август күнү болгон. "18-август саат 13:15тер чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл округунун 81 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган", -деп айтылат маалыматта.

Аталган факты 2020-жылдын 18-август күнү Кара-Суу райондук милицииясынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-топ барып, кароо жүргүзүп, дүкөндүн видео тасмасын алып, далил катары тиркеген. Ал эми жабырлануучунун денесинен алган жаракатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде карыяны себепсиз сабаган адамдын өздүгү такталып, ал Кара-Суу шаарынын 1984-жылы туулган М.Т., аттуу тургуну экендиги аныкталган.

"Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча шектүү дудук экендиги жана учурда Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталды. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча окуяга күбө болгон адамдар суракка алынып, шектүүнү кармоо үчүн тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүү иштери Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий