• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Назаров бизге үстүдөн шаштырып жатышкандыгын билдирген - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Бишкек ЖЭБнин комитетинин төрагасы Нурлан Чурмуков күбө катары сотко чакырылган. 2013-жылы ал “Электр станциялар” ишканасынын оңдоо жана ишке берүү маселелери боюнча жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

“Көп жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин ТВЕА компаниясын тандоо чечими кабыл алынган. Техникалык тапшырманы Бишкек ЖЭБнин адистери иштеп чыгып, ага кол коюуда биздин кызматты чакырышкан. Жетекчи эмгек өргүүдө жүргөндүгүнө байланыштуу мен анын орун басары катары техникалык тапшырмага кол койгом. Назаров бизге үстүдөн шаштырып жатышат деп айткан, бирок ким шаштырып жаткандыгы белгисиз. Келишимди үтүр-чекитине чейин карап чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, аны бизге макулдашууга алып келишкенде мен көрүп чыккам. Ал келишим экономикалык мүнөздө болгон”, - дейт күбө.

Анын айтымы боюнча, техтапшырма болжол менен 5-6 барактан турган. Ал аткаруучуга кээ бир учурларды белгилөө үчүн берилет.

“Биз Үрүмчү шаарына барып ТВЕА компаниясы тарабынан биздин долбоорго кудум окшош эки блокту көргөнбүз. Ошолорду чындыгында эле ТВЕА компаниясы тургузганбы бизге белгисиз, бирок, бизге ошентип айтышкан. Кээ бир жерлерде ошол компаниянын логотибин көрдүк, бирок кагаз жүзүндө көргөн жок элек”, - дейт Нурлан Чурмуков.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий