• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Сууда жеке ишкерди опузалап, 680 миң сом алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кара-Сууда жеке фирманын өкүлдөрүн коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Белгиленгендей, ушул жылы 23-ноябрда ички иштер органдарына жеке фирманын өкүлү кайрылып, айрым адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүү жана опузалоо фактылары болуп жатканын жана алты айдын ичинде алар 680 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алганын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иштин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Алай районунун тургуну 1964-жылы туулган М.Ч. кармалган.

Кармалган жаран Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий